Эндрю Вахтель

Директор, тең уюштуруучу

Эндрю Вахтель — Compass College колледжинин директору. 2010-2018-жылдары Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти болгон. 1987-жылы Гарвардда бакалаврды бүтүрүп, 1987-жылы Калифорния университетинин Беркли шаарында славистика боюнча PhD даражасын алган. Стэнфорд университетинде (Stanford) 1988-жылдан 1991-жылга чейин жана Түндүк-Батыш университетинде (Northwestern University) 1991-жылдан 2010-жылга чейин сабак берген. Ошол жерде ири изилдөө институтунун (Robert Buffett Center for International and Comparative Studies) директору жана пост-бакалавр билим берүү факультетинин (The Graduate School) деканы болгон. Эндрю Вахтель көптөгөн тилдерди билет, алардын ичинде: орусча, сербче, французча, словенче. Орус маданияты жана адабияты жөнүндө, Чыгыш Европанын жана Балкан өлкөлөрүнүн саясаты менен тарыхы жөнүндө ондон ашык китептин автору. Вахтель АКШ Илимдер академиясынын жана Council on Foreign Relations (Нью-Йорк ш.) толук мүчөсү. Compass Collegeде ал искусство тарыхын окутат.