Креативдүү окутуу: интерактивдүү технологиялар жана педагогикалык дизайн
Compass College окутуучулары «Креативдүү окутуу: интерактивдүү технологиялар жана педагогикалык дизайн» программасы боюнча 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курстарын ийгиликтүү аяктады.
Окуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен түзүлгөн кызматташтык меморандумунун алкагында өттү.
Окутуучуларыбызды сертификаттарды алуулары менен куттуктайбыз жана алынган билим окуу процессин байытып, окутуудагы жаңы ыкмаларга шыктандырат деп ишенебиз!
Compass Collegeде биз командабыздын өнүгүүсүнө инвестиция салабыз, креаторлор мыктылардан үйрөнүшү үчүн.